Дүйнө

Грузиянын саламаттык сактоо тармагынын башчысы эмне үчүн катуу коркууда?

Грузия коронавирус инфекциясынын толук масштабдуу жана башкарууга болбой кала турган чегинде турат, деп билдирди, өлкөнүн ооруну жана коомдук саламаттыкты көзөмөлдөө Улуттук борборунун жетекчиси Амиран Гамкрелидзе. Бул туурасында Vazhno.ru агенттиги 29-мартта маалымдады.

«Өлкө Италия, Франция, Испаниядагыдай башкарылбас процесске өтүп кете турган өзгөчө кырдаалдын абалында, толук масштабдуу эпидемиянын чегинде турат…  А булар Грузиядан алда канча  күчтүү өлкөлөр да», — деп баса белгиледи ал.

Гамкрелидзенин сөзүнө караганда, грузин калкы «реалдуу коркунучтун алдында турат». Ал жарандарды ушундай болтурбоого чакырды.

Грузияда 21-марттан 21-апрелге  чейин Марнеуль жана и Болнис муниципалитеттерине катуу карантин режимими киргизилген. Азыркы учурда өлкөдө инфекция жугузган 90 учур каталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button