Коронавирустун алгачкы белгисин көз билгизет дешти врачтар

Америкалык медиктер илдет алгач башталганда эле анын коронавирус инфекциясы экенин билгизе турган жаңы симптому тууралуу жарыя кылышты. Муну Pravdoryb.info жазып чыкты.

Американын офтальмология академиясынын врачтары коронавирус инфекциясынын мурда көңүл бурулбаган симптому туурасында  жарыя салышты.

Ал тумоонун алгачкы стадиясында башталат. Бейтаптарда көздүн былжырлуу бөлүгүнүнү сезгенүүсү – конъюнктивит баамдалат.  Адистер буга өзгөчө маани берүүгө чакырышты.

Адистердин жарыясында бул жагдайга алар Кытайдан келген билдирүүдөгү COVID-19 менен жабыркаган бир бейтаптан медиктер  конъюнктивит тапканын маалымдашкандан кийин көңүл бурушкан. Америкалыктар изилдөө жүргүзүп көрүшүп, Кытайдагы 1099 коронавирус бейтабынан жана дагы кошумча 19унан  көздүн былжырлуу бөлүгүнүн сезгенүүсүн таап чыгышкан. Бул маалыматтар КЭРдин 30 ооруканасынан алынган.

Изилдөөнүн авторлору буга өзгөчө көңүл бөлүш керек экенин баса белгилешет, бирок көздүн бул оорусун жалгыз эле COVID-19 пайда кылбай тургандыгын да эскертишет.

Abal.kg