Пандемия. Туберкулёзго каршы эмдөө бар өлкөлөрдө өлүм аз дейт адистер

Туберкулёзго каршы эмдөөчү “БЦЖнын жардамы менен универсалдуу эмдөө өткөрүү кабыл алынбаган өлкөлөр, маселен Италия, Нидерланддар жана АКШ COVID-19дан баарынан көп жабыр тартышты” деп жазышат америкалык окумуштуулар. Алар БЦЖ эмдөөсү (вакцинация) вирустун жугушун төмөндөткөнүн баамдашкан.

Америкалык эпидемиологдордун COVID-19 инфекциясынын ар кайсы өлкөлөрдө кандай санда өлүм алып келип жатканы, ал мамлекеттерде канчадан бери жана канчалык кеңири түрдө белгиленген дозадагы туберкулёзго каршы БЦЖ эмдөөсү өткөрүлүп келатканына байланыштуу экени турасындагы илимий иликтөөлөрүнүн тыянагы, medRxiv порталына жарыяланган. Муну 31-мартта РИА Новости маалымдады.

Илимпоздордун пикирине карганда, өлүмдүн жана ноокастагандардын санынын төмөндүгүн көрсөткөн комбинация, бул эмдөөнү коронавируска каршы күрөштүн эң башкы инструменттеринин бирине айлантат дешет.

Иликтөөнүн алкагында, окумуштуулар БЦЖ эмдөөсү калктын өтө мууну бош (уязвимое) катмарына коронавирустун жайылуусун жана инфекциядан алардын көз жумуу коркунучунун канчалык экенин текшеришкен.  

Мындан тышкаары, өлкөнүн жашоо деңгээли менен саламаттык сактоо тармагынын өнүгүшү COVID-19дун жайылышына жана анын өлүмдүн санына канчалык таасир этээри иликтенген.  Коронавирустун таркоо темпи жана өлүмдүн деңгээли экономикалык көрсөткүчтөргө көз каранды экени билинген. Бирок, ошол эле учурда, кээ бир өлкөлөрдө, маселен, АКШ, Иран, Италия, Бельгия, Нидерланддар жана Европанын бир топ мамлекеттеринде бул көрсөткүч таптакыр мындай эмес болуп чыкты.

Ал өлкөлөрдүн баарында тең БЦЖ эмдөөсү эч качан массалык түрдө өткөрүлгөн эмес, же болбосо жакындан тартып гана пайдалана башташкан. Иликтөөнүн авторлору мындай абал, бүткүл дүйнө боюнча орто эсеп менен алганда, бул өлкөлөрдө инфекциянын жугуусунун  төрт эсе жогору болуусуна таасир эткен деп эсептешет. Өлүмдүн саны боюнча көрсөткүч да ошондой эле.  

Окумуштуулар БЦЖ эмдөөсүн калктын арасында узак мезгилден бери туруктуу өткөрүп келе жаткан анча бай эмес өлкөлөрдө, алардын экономикалык жактан өнүгүү деңгээлине карабастан, коронавирустан көз жумгандар өтө төмөн экенин  белгилешет. Бул контекстте иликтөөнүн авторлорунун көңүлүн, маселен, эпидемия боюнча Бразилиядагы көрсөткүчтөрдүн  өтө төмөндүгү бурган. Окумуштуулар   бул жагдай БЦЖ эмдөөсү организмди жаңы типтеги коронавирустан эффективдүү коргооруна ишенишет.

Мындан тышкаары, илимпоздор коронавирустун Кытайда жайылыш статистикасынын бир өзгөчөлүгүн  белгилешкен. Кытайда БЦЖ эмдөөсүн өткөн кылымдын 50-жылдары башташкан. Бирок 1966-1976-жылдардагы “маданий революциянын” учурунда массалык эмдөө токтотулган.

Иликтөөнүн автору Аарон Миллердин пикири боюнча, бул чечим калктын  арасында мууну бош  (уязвимое) катмардын пайда болушуна таасирин тийгизген да, COVID-19 эпидемиясынын алгачкы этапта жайылышына көмөкчү болгон.

PS. Кургак учук (туберкулёз) туурасында сайтыбызга кечээ эле салыштырмалуу маалымат бергенбиз.

Abal.kg