Россиялык тележылдыз Дана Борисова Лещенкодон коронавирус жуктурдум дейт

Тележылдыз Дана Борисова Льва Лещенкодон  коронавиурс жуктурдум деди. Бул туурасында “Вечерняя Москва” билдирди.


Теледиванын  айтымына караганда ал Андрей Малахов менен съемкада чогуу болгон. А Малахов болсо ага чейин Лещенко менен жолугушкан. Бирок А. Малаховдон коронавирус чыкканы бышыкталган жок.

“Андрей Малахов менен чогуу болгом. А ал болсо азыр өзүн өзү изоляциялап, үйүндө олтурууну чечти. Баары кошул-ташыл болуп кетти: пневмония менен ооруп атат. Ага эки күндөн бери антибиотик сайып жатам. А 29-мартта эртең  мененден тартып мен да жаман боло баштадым”, — деп билдирди Борисова.

Илдеттин симптомдорунун ичинен Борисовда өтө катуу кургак жөтөл,  чыйрыгуу бар, үнү да киркиреп калган. Температурасы абдан жогору экенинде өзүнүн күмөнү жок. Бирок өлчөй албайт, анткени градусниги да жок. Тез жардам чакыруууну пландаштыра элек – итим кароосуз калат деп коркот. Тележылдыз имбир жана лимон менен дарыланып жатат. Борисованын полиси жок болгондуктан жеке менчик лабораториялар коронавируска тест жасагандан баш тартышкан.

Рамблер.ру маалымат порталынын материалдарынын негизинде даярдалды.

Abal.kg