Түркмөнстан ММКга «коронавирус» деген сөздү жазууга тыюу салды

Түркмөнстандын бийлиги мамлекеттик массалык маалымдоочу каражаттарга (ММК)  «коронавирус» деген сөздү пайдаланууга тыю салды. Бул туурасында 31- мартта Россиянын ММКлары маалымдашты.

Ошону менен бирге эле, ооруканаларга жана окуу жайларына таркатылчу Түркмөнстандын саламаттык сактоо министрлигинин маалымат брошюрасынан да бул сөз алынып ташталды.

Расмий маалыматтар боюнча 31-мартка карата Түкмөнстанда коронавирус жугузган учур жок.

Буга чейин Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнүн калкына вирустардан гармалынын (чөптүн бири) түтүнү менен сактангыла деген сунуш берген. Ата-бабабыз  ушинтип сактанып келген, демек азыр да жардам берет дейт.

Abal.kg