Француз атактуу актеру жана “Жылдыздар согушунун” жылдызы вирустан көз жумушту
Францияда Ален Делон, Жан-Поль Бельмондо мене Пьер Ришар сяктуу дүйнөлүк кинонун жылдыздары менен көптөгөн фильмдерде бирге тартылган атактуу актер Морис Барье коронавирустан көз жумду, деп билдирди Figaro газетасы.
Ал ушул жекшембиде кайтыш болду деп айтылган. Анын жашы 87де болчу.
Актердун театр менен кинодо көптөгөн экинчи пландагы ролдору аркылуу атагы чыккан. Мисалы, “Кара ботинкечен узун бойлуу ак жумаал жигит” («Высокий блондин в черном ботинке») фильминдеги агент Шаперон, “Качкындардагы” («Беглецы») полициянын комиссарынын жана “Атакелер” («Папаши») сыяктуу популярдуу фильмдерге тартылган.
Андан мурдараак эле “Жылдыздар согушу” («Звездные войны») киноэпопеясында тартылган, британиялык сахна кеби сабагынын мугалими жана актер Эндрю Джектин коронавирустан каза тапканы айтылган. Артист 76 жашта болчу.
Abal.kg