Америкалык окумуштуулар коронавирусту суук тийгенден айырмалай турган негизги белгисин атады

Америкалык окумуштуулар коронавирусту кадимки эле суук тийүүдөн  кантип айырмаласа болоорун айтып беришти. Алардын сөзү боюнча мурундун бүтпөгөнүнөн билсе болот экен. Бул тууралуу Eurekalert  билдирди,  деп Ren.tv 15-апрелде маалымдады.

Окумуштуулар коронавирусту эң алгачкы стадиясында эле биле турган негизги симпмтому катары, мурун бүтпөй, ачык туруп эле жыт сезүнүнүн жоголушун аташты.

“COVID-19дун мурун бүтүү, мурундан суу агуу сыяктуу кадимки вирустук суук тийүү менен байланышы жок“, — деп айтышты окумуштуулар. Ошондуктан коронавирусту сезондук аллергиядан оңой эле айырмаласа болот, деп кошумчалашты. 

Адистер, эгерде башка бир симптомдор байкалбай туруп, кокус адамда жыт сезүү жоголуп кетсе, анда токтоосуз түрдө бейтапты изоляциялап, дароо COVID-19га тестирлөө керек экенин белгилешти.  

Abal.kg