Бабабыз Манас туулган Алтайда, турак кылган Таласта кытайлык вирус жок
Азыркы учурга карата Россиянын 85 субъектинин ичинен 84үндө COVID-19 бар. Бул илдет расмий катталбаган жалгыз гана Алтай. Бул туурасында Алтай Республикасынын борборундагы оперативдүү штабдын Telegram-каналы билдирди.
Алтай Республикасында 220 миңден ашыгыраак киши жашайт. Анын чек арасы биринчи кезекте Кытай менен чектеш.
Кыргыз элинин улуу эпосу “Манаста”, кара кытайдын ханы Эсенкан Ала-Тоону чаптырганда, Ногойкандын кичүү уулу Жакып, кырк түтүн кыргыз, беш эчкиси менен Алтайга сүрүлгөн. Ал элүү экиге келгенде Манас көйкашка төрөлүп, кара кытай баскынчыларынан кыргыз жерин бошоткон.
Алтайдан кыргызды Ала-Тоого көчүрүп келип, баатыр Манас ак өргөсүн Таласка тигип, турак кылган.
Ушул күнгө карата Талас областы вирус катталбаган Кыргызстандагы жалгыз аймак. Ушул эки ыйык жер биздин ырымыбыз болсун!
Abal.kg