Академик: вирус тамак ичип жатканда жана төрөө учурунда да жугушу мүмкүн

Россиянын Роспотребнадзорунун эпидемиология боюнча Борбордук илимий изилдөө институнун кеңешчиси Россия Илимдер Академиясынын (РАН) академиги  Виктор Малеев, азыркы коронавирус тамак ичип жатканда жана төрөө учурунда жугушу толук ыктымал деди. Бул туурасында  16 апрелде РИА Новости маалымдады.

Вирусту жуктууруунун эң таралган жолу  – абада чачыроо (воздушно-капельный) жана контакт аркылуу, андан тышкаары коомдук жайларда ар кандай нерселердин үстүнө кол тийгенде да ишке ашат, деп белгиледи  Малеев. Мындан башка да «вирус оганизмге, тамак ичип жатканда тамак аркылуу, же колду бетке тийгизгенде кириши толук ыктымал», деп кошумчалады.

«Вирусту вертикалдуу жуктуруу жолу да далилденди: төрөт учурунда коронавирус плацент аркылуу да жугат. Бирок мындай учурлар анча көп эмес», — деп түшүндүрдү академик  “Стопкоронавирус.рф” сайтында жарыялаган  интервьюсунда.

Abal.kg