Дүйнө

Путин вакцинаны тез чыгарууга токтоосуз буйрук берем деди

Бүгүн, 20-апрелде Россиядагы азыркы санитардык-эпидемиологиялык абал тууралуу президент Путин менен болгон видеожыйында, Улуттук Гамалей атындагы эпидемиология жана  микробиология иликтөө борборунун директору, академик Александр Гинцбург коронавируска каршы вакцинанын толук иммуногендүү экенин айтып, эгерде клиникага чейинки жана клиникалык сыноолор убагында бүтсө, 15-июнда мамлекеттик каттоого беришээрин билдирди. Бул туурасында “Россия” телеканалынын “Вести” маалымат программасында айтылды.

Президент Владимир Путин вакцинаны дарярдоо кандай абалга жетип калганын окумуштуулардан сурап, “Сиздердин иштин өтө татаал жана кыйын экенин түшүнөм. Бирок вакцинанын кандай деңгээлде даяр болуп калганын билүү өтө маанилүү. Анткени, аны тез жана керектүү санда чыгарууга өндүрүштү даярдоо керек. Эгер вакцина даяр болуп калса кете турган каражаттарды табууга токтоосуз көрсөтмө берем”  деди, жыйында.

Академик А. Гинцбург.

Видеожыйындан билингендей, Россиянын коронавируска каршы вакцинасы эки-үч айдын ичинде өндүрүшкө алынат окшойт. Ал эми Россиянын коронавирустан дарылоочу дарысынын клиникалык сыноосу (адамдарга) 20-апрелдерде башталмак.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button