Маркумду узатууга барган алты киши коронавирустан кайтыш болушту

Американын Түштүк  Каролина штатында алты киши маркумдун сөөгүн коюуга барышып, коронавирус инфекциясын жугузуп алышып көз жумушту, деп билдирди 20-апрелде Лента. Ру.

Көз жумган алты киши тең алтымыштан өткөн афроамерикалыктар. Башкача айтканда, алар короноавирус жуктуруу коркунучу өтө жогору болгон тобокелдүү топко  кирген кишилер. Божомолдоолорго караганда  ал алтоо тең, ошол эле сөөк коюуга катышкан башка бирөөнөн жуктуруп алышкан. Сөөк коюу марттын башында өткөн.

«Тилекке каршы, ал сөөк коюуга аябай көп киши катышкан. Алардын арасында коронавирус инфекциясы менен ооруган, бирок анысын билбеген кимдир бирөө бул илдетти башкаларга тараткан», — деп билдирди, округдун кронери (кызыл кулак) Самтер. 16-марттан тартып бул штаттын бийлиги, адамдардын көп чогулуусунан качыш үчүн, сөөк коючу компанияларга маркумду узатууну онлайн режиминде өткөрүүгө көрсөтмө берген.  

Abal.kg