Дүйнө

Пандемия. БУУ дүйнөлүк масштабда ачарчылык болорун эскертүүдө. Жусуп пайгамбар жоруган түш

Эгерде эмитен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылбаса, бир нече айдан кийин адамзат дүйнөлүк масштабда ачарчылыкка кабылышы мүмкүн. Бул туурасында 21-апрелде ООНдун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ВПП) иш аткаруучу директору Дэвид Бизли билдирди.  

Анын айтымында азыр дүйнө жүзүндө 821 миллион киши ачарчылыкка кабылган. Кырдаал оорлошуп кетсе, анда дагы 30 мамлекет ачарчылыкка туш болот. Ушул азыр ошол 30унун ичинен 10 өлкөдө 1 миллиондон адам тамактын тартыштыгына кириптер болушууда, деп билдирди ТАСС.

Азырынча дүйнөдө массалык ачарчылык жок. Бирок, мен силерге эскертип коеюн, эгерде эмитен каржылоо менен соода-сатык жагын  үзүгүлтүккө учуратпай  кармап кала албасак, анда бар болгону бир нече айдан кийин эле баарыбыз библиялык масштабдагы ачарчылыкка туш келишибиз ыктымал.

Коронавирустун айынан кандуу кармаш жүрүп жаткан зоналарда миллиондогон жөнөкөй жарандар ачарчылыкка дуушар болушу мүмкүн, деп кошумчалады ал.

Жусуп менен фараон

Эскерте кетсек, «Библиялык ачарчылык» деген түшүнүк Жусуп (Усуп, Юсуф, Иосиф) пайгамбардын атына байланышкан. Жусупка Мисир (Египет) фараону түшүмдү жоруп бер деп кайрылат. Жусуп анын түшүн жоруп, 7 жыл жер бети түшүмдүү болоорун, андан соң 7 жыл жерди түшүмсүздүк каптаарын айтып, молчулук учурда дан камдаш керек дейт. Фараон Жусуптун акылмандыгына баа берип, аны чарбанын башчылыгына дайындайт. Ачарчылыктын тушунда Жусуп элге дан бөлүштүрүп турган. Жер бетин каптаган жети жыл ачарчылыкта иниси Жусупту Мисирге  кулдукка сатып ийишкен агалары,өмүрлөрүн тобокелге салып, бир нече ирээт ага келишип, нан алып кетип турууга мажубур болушкан.

COVID-19 дүйнө жүзүндө:
-жукканы — 2 500 000 киши;
-айыкканы – 659 миңден ашуун;
-каза тапканы —  171 миң адам.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button