Дүйнө

Карантинден кийин Италиянын Миланы автомобилдерден баш тартат

Шаардын саламаттыгы жана экологиясы оңолот. 

Миландын бийлиги шаардагы автомобилдердин санын кыскартып, жөө жүргөндөрдү, велосипед жолчолорун жана коомдук  унааны көбөйтмөк болду. Мындай чечимге италиялык бул шаар карантиндин учурунда келди, деп билдирген  The Guardian. Бул туурасында Newis.mail.ru 22-апрелде маалымдады.  

Түндүк Италия — Европадагы абасы эң булганган аймактардын бири. Карантиндин учурунда өлкөнүн абасы абдан тазарган. Миландыктарга бул эффект өтө жаккандыктан аны биротоло бекемдеп коюуну чечишти.
Жай ичинде эле шаардын 35 чакырым көчөсү өзгөртүлөт. Жөө жүрүүчү зоналар кеңейтилип, кошумча велосипед жолдору пайда болот. Автомобилдер мурдагыдай эле жүрө бере турган жолдордо болсо, алардын ылдамдыгы саатына 30 чакырымга чейин чектелет.

Азыр шаарда 1,4 миллион киши жашайт. Жарымынан көбү коомдук унааны пайдаланышат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button