Чеченстандын чиновниктери менен тургундары республиканын башчысы Рамзан Кадыровдун эстафетасын колдоп, чачтарын жылтырата алдыра башташты, деп билдирди РИА Новости 22-апрелде.
Чач тарачтарды ачып бергиле деген өтүнүчкө оригиналдуу жооп кылып, Рамзан Кадыров тескерисинче чачын жылтырата алдырып туруп, бүт Чеченстандын эркектерине чакырык ташташгандан кийин, республиканын эркек-танасы башчынын үлгүсүн дароо илип алышып, жапырт баштарын кырдырып киришти.
«Рамзан Ахматович эч качан жаман нерсени сунуштабайт»,- деди парламенттин спикери Магомед Даудов.
Эскерте кетсек, Кытайдын Уханындагы эпидемиянын учурунда инфекцияны жугузуп албас үчүн медкызматкерлер, аял-эркегине карабай чачын кырдырышканы туурасында маалыматтар чыккан.
Abal.kg