Саясат

Аида Исмаилова Польшадан келген медициналык адистер менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аймактык бюросунун кеңсесинде коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү алкагында өлкөгө Польшадан келген медициналык адистер менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өз кезегинде польшалык врачтар кыргыз дарыгерлеринин кеспипкөйлүгүнө жана ооруканалардын жабдылышына жогору баа берди.

Аида Исмаилова Кыргыз Республикасынын дарыгерлерине жана Польшадан келген медициналык эксперттерге, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Польшадан келген дарыгерлер тобу Кыргыз Республикасынын аймактык ооруканаларына барып, биздин врачтар менен биргеликте оорулууларды карап чыгып, медициналык кызматкерлердин оору жугузуп алуу себептерин талдоого алышат.

Белгилесек, 19-апрелде Кыргыз Республикасына Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Польша Республикасынан курамында 8 адистен турган медициналык топ келген. Медиктер Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүшөт. 

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңсесинин башчысы Назира Артыковалар катышты. 

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button