Бишкекте айдоочу удаасы менен алты машинаны сүздү — эки адам ооруканага жаткырылды

Бишкектин түштүк-чыгышында Subaru унаасынын айдоочусу  рулду башкара албай, бир нече машинаны барып сүздү. Окуя болгон жерде алты машина жабыркаган.

Авария Каралаев жана Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинде, коменданттык саат маалында, болжолдуу түнкү саат 1:30да орун алган. Жол кырсыгынан айдоочу жана анын жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Айдоочу Mercedes Benz, Toyota Camry, минивэн, «Лада» жана эки Toyota Land Cruiser унаасын сүзгөнү кабарланды.

Бул факт Жоруктар жөнүндө кодексинин «Автомототранспорттук каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча катталып, экспертизалар дайындалды.

Abal.kg