Дүйнө

Европага жаңы Гитлер келет дейт француз президенти Макрон

Франциянын президенти Эммануэль Макрон европалык мамлекеттердин эгоисттик жүрүм-туруму бийликке жаңы диктаторду алып келиши мүмкүн деп эсептейт. Бул туурасында 24 апрелде  Дни.ру маалымдады.

Коронавирустун эпидемиясы факт жүзүндө, убактылуу болсо дагы,  Евросоюздун бейформал ыдырашына алып келди. Европалык державалардын эгоисттик жүрүм-туруму өткөн кылымдын биринчи жарымындагы трагедиянын кайталануусуна мүмкүнчүлүк түзүшү ыктымал. Анда Германиянын Биринчи дүйнөлүк согушта жеңилгенин бышыктаган Версаль келишими, бийликке Адольф Гитлердин келишине шарт түзгөн, деп эсептейт Франциянын президенти.

Адольф Гитлер

Саясат таануучу Александр Сосновский Бешинчи республиканын башчысынын жакында эле “Париж 1918-жылы Берлинди ушунчалык кемсинткен, Германияга  Адольф Гитлер башында турган реваншисттердин келишине идеалдуу шарт түзгөн” деп айтканын эске салды.

Эммануэль Макрон жүз жыл мурдагы абал кайталанып калышы мүмүкүн экенин жадынан чыгарбайт, деп айтты эксперт.  

Эскерте кетсек, Адольф Гитлер баштаган Экинчи дүйнөлүк согуш 100 миллиондон ашык бейкүнөө адамдардын кырылышына, кишинин акылына сыйбай турган үрөй учураарлык эксперименттердин ишке ашышына алып келген.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button