Коронавирус. Чаткалда вируска ишенбеген адамдар дарыгерди муунтуп, кол көтөргөн

Чаткал районунун тургундары коронавируска шектелген жарандын үйүнө анализ алуу үчүн барган дарыгерге кол көтөрүп, муунтушкан.  Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирилип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

«2-май күнү дарыгерлер коронавируска шектелген тургундун үйүнө барышкан. ПЦР анализ алып, 2010-жылы туулган баланы ооруканага жаткырыш үчүн алып кетүүнү айтышкан. Коңшулары чогулуп, жергиликтүү тургундар «андай оору жок» деген жүйө менен каршылык көрсөтүшкөн. Тургундардын бири лаборатория кызматкерин муунтуп, дарыгерлерге акаарат келтиришкен. Окуя дарыгерлердин арызынын негизинде териштирилип жатат», – деп айтылат маалыматта.

Abal.kg