Белоруссия 100дөн ашык кишини камады, ичинде оорулуу блогер. Вирус жуктургандар 24 миңге жетти

Белоруссиянын укук коргоочулары, Жеңиш Күнүнүн алдында жана ал өткөндөн кийин, бийликти сындаган 100дөн ашык оппозициялык маанайдагы блогерлер, журналисттер жана расмий саясат менен макул эмес каналдарга жазылгандар камакка алынганын билдиришти. Алар өлкөнүн аймактарындагы абал тууралуу сөз кылынган онлайн-стримдерге катышкандары үчүн камакка алынды, деп маалымдады Би-би-си 11-майда.  

Камакка алынгандардын арасында 15 суткага жатып келген блогер Сергей Петрухин бар. Сот учурунда анын температурасы 37,7 экени маалым болду. Сот тыныгуусунун арасында ал журналисттерге убактылуу кармоочу изолятордо (ИВС) анын жанында температурасы көтөрүлгөн  дагы бир далай кишилер болгонун, “тез жардам” келип кеткенин айтты. 11-майда Брест шаарынын Ленин райондук соту ага административдик айып салды. Сот олтурумун учурунда   Петрухин менен анын адвокаты “тез жардам” чакырууну суранышкан. Сот аны катчысына тапшырган. Бирок, медиктер келгиче эле блогерди кызмат эшиги аркылуу алып чыгып, ИВСке жөнөтүп ийишкен, деп билдирди Белоруссиянын журналисттер ассоциациясы.  

Петрухиндын тааныштары анда коронавирустун белгилери бар деп айтышкан. Бирок,  Сovid-19га андан анализ алышкан эмес.  

Белоруссиянын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 11-майга карата 23 906 кишиден коронавирус табылган, 135и көз жумду. Акыркы суткада жуктургандардын саны 933 адамды түздү.

Өлкөнүн шаарларында жана аймактарында вирус жуктургандардын статистикасын бийлик жарыялабайт.  

Аймактардагы камоолор

Сергей Петрухин, Белоруссияда “Страна для жизни” деген лозунг менен бүтүн өлкөгө атагы чыккан, аймактарды автоүйүнө түшүп алып кыдырып, карапайым эл менен бааралашып, алардын Белоруссиянын президенти Александр Лукашенкого карата сын пикирлерин, өзүнүн курч көз карашын YouTube-каналына тынымсыз жарыя кылып турган блогер Сергей Тихановский менен жолукканы баратканда кармалган.

Сергей Тихановский 6-майда камакка алынган.

Тихановскийди бошоткула деп өлкөнүн көптөгөн аймактарында анын жактоочулары митингдерге чыгышкан. Бийлик эл тарабынан мындай массалык реакцияны күтпөгөнү айтылат. Ушундан кийин блогердин коллегалары, журналисттер жана Тихановскийдин YouTube-каналынын көрүүчүлөрү камакка алына баштаган. Баш-аягы 100дөн ашык киши камакта, деп бышыктады  Белоруссиянын журналисттер  ассоциациясы жана жергиликтүү пресса.   Сергей Тихановский быйыл өтө турган президенттик шайлоого катышаарын жарыялаган. Бирок, камакта олтурган блогердин кол топтоочу демилгелүү тобу каттоодон өтпөй калышы ыктымал. Президенттикке кандидат үчүн кол топтоолор боюнча документтер өлкөнүн Боршайкомуна 15-майга чейин тапшырылат.  

Эскерте кетсек, коронавирус жуктуруу жагынан элинин санына карата проценттик катышы боюнча Белоруссия Европада 3-орунга чыкты.

Abal.kg