Саясат

Адахам Мадумаровдун кезектеги пиар-фокустары

Алдыдагы парламенттик шайлоодо кыргыз коомчулугунан колдоо таба албаган эргулдар эми «алыстагы мекендештердин маселесин чечип берсеңиз» деп коңшуларга кайрыла баштады.

Албетте, Адахам Мадумаровдун бул саясый кадамы — мигранттарды бетине кармап, алардын маселесине көңүл бурумуш болуп, чечип берүүгө аракет кылымыш болуп, упай топтоонун жолу экени көрүнүп эле турат.

Аттиң, саясатта  намыс дегенди тебелеп туруп болсо дагы упай алыш керек деген жаман жөрөлгө башталгандай. Өткөндө тоголонуп-жумаланып, жүргөн жери ызы-чуу болгон Токтайым Үмөталиева Россиянын чоңдору менен сүйлөшө коем, силерди алып келе калмакчымын деп, мигранттардын маселесин чечип жиберчүдөй болуп, өзүн бир болбогон пиар менен көрсөтүп алды эле. Ошонун айынан мекендештер билип-билбей, Оренбургга келип алышкан.

Эми Токтайым Үмөталиева  жетишпей жаткансып,  Адахам Мадумаровдун чыга калганын карачы!

Аял кишиге го айла жок, айрыкча, дайыма ушундай кездерде кыйкырып чыга калган Токтайымды коомчулук жакшы билет.

Эми Адахам Мадумаров эркек башы менен арыдан бери болсо болмок. Бийликке үн жеткирүүнүн жолу жок калгансып, жылуу-жумшак креслосунда отуруп алып, башка жердин, башка элдин  экс-султанына кайрылып жатканы – анын намысынын тээ төмөндө тебеленгенинен кабар берет.

Ал эми Оренбургдан келе албай жаткан мекендештерибиз боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатканын Тышкы иштер министрлиги түшүндүрүп берди, элчилик аракетин кылып жатат, авиарейс уюштурууга жан үрөп жатабыз дейт.

Улуу орозо айында мекендештерибизге сабырдуулук берсин, баары жакшы болот.

Эми урматтуу саясатчылар, өзүн пиар кылуунун дагы чеги болот.

Кыргыз деген улуу ат булганбагыдай болсун! Болбосо кыргыз жарандыгынан чыгып алып, каалаган туу туткан кумириңерге бүктүшө кайрылгыла, сыйына бергиле, бирок, биздин кыргыздын намысын тебелетпегиле!

Анан дагы, тили булбулдай сайраган Адахам Мадумаровдун , Казакстандын Президенти Токаев экенин атайын эле көз жаздымда калтырып, Назарбаевге кайрылып жатканынын эмнеси деген суроо туулат.

Дүйнө жүзүндө  болуп жаткан пандемияга байланыштуу учурда баардык жерде эл, анын ичинде мигранттар кыйналып жатат. Кыргызстандын эле эмес, Өзбекстандын мигранттары да кире албай чек арада турганы боюнча маалыматтар тарап атат. Мындай маселелер мамлекеттик денгээлде чечилет. Андыктан чет жакта жүргөн мигранттар Кыргызстандагы расмий гана маалыматтарга ишенүүгө чакырат элем. Антпесе ушул Токтайым Үмөталиева, андан кийин ортодон автобус даярдадым деп  чыга калган “Чоң Казат” кыймылы, эми Адахам Мадумаров сыяктуу саясый пиар топтогондор куру убада менен ансыз да кыйналып турган мигранттарды арзан, жеңил пиарлары менен алардын үмүтү, сезими менен ойноп атышат. Булар мигранттардын убалынан коркпосо да, Улуу Рамазан айында ашыкча күнөө кылуудан, элди алдагандан коркушса болмок.

Таалайбек Сагындыков

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button