Коом

Азиз Суракматов: Бишкекте тармактар жандангандан бери коронавирусту жуктургандар көбөйүүдө

Бишкек шаарында экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар тармактарынын жанданганыны байланыштуу коронавируска чалдыккан жана байланышта болгон адамдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымында, акыркы күндөрү Бишкекте короновирустун белгилери бар жарандар кайрылып башташкан, бирок алар вирусту кайдан жуктуруп алганын билишпейт.

“Атап айтканда, алардын арасында соода агенттери, сатуучулар, өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бар. Бул жумушта, көчөдө, транспортто, соода борборлорунда жана базарларда инфекция коркунучу бар экендигин көрсөтөт” – дейт шаардын мэри.Мэрдин айтымы боюнча, бул өзгөчө кырдаал абалда санитардык жана гигиеналык нормалардын бузулушунан улам келип чыккан. Ал бет кап, кол кап кийип, коомдук жайларда санитардык аралыкты сактоону суранды.

“Мэрия ишкердик субъекттеринин, транспорттук ишканалардын, базарлардын жана соода борборлорунун башчыларынан санитардык-гигиеналык талаптарды сактоону суранат. Бирок ошол эле убакта, аталган объекттер кардарлардын дагы бет кап тагынуусу маанилүү” – деп кошучалады Азиз Суракматов.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button