Кара-Балтада аялды поезд аз жерден коюп кете жаздады (видео)

Кара-Балта жана Кайыңды шаарларынын ортосундагы темир жолунда поезддин машинисти адамды сүзүп кетпөө үчүн ыкчам түрдө поездди токтоткон. Бул тууралуу  “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди жана видео таратты.

Окуя 7-июнь күнү саат 17:42 чамасында Кара-Балта-Кайыңды темир жолунда болгон. Видеодо бир аял темир жолдун так ортосу менен артынан келаткан поездге көңүл да бурбастан басып баратканын көрүүгө болот. Поезд аны сүзүп кетерине аз гана секунддар калганда ал аял жээкке секирип кеткен. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын айтымында ал аял поезддин сигнал берүүсүнө көүңүл бурган эмес.

Азыркы тапта бул окуя боюна иликтөө иштери жүрүп, аялдын ким экендигин аныктоо иштери жүрүп жатат.