Сооронбай Жээнбеков Россия Президенти Владимир Путинди Россия күнү менен куттуктады

Кыргыз Республиикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июнда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди жана Россия элин мамлекеттик майрамы — Россия күнү менен куттуктады.

«Улуу тарыхы жана маданияты, ири жетишкендиктери жана уникалдуу жаратылыш байлыктары болгон, көптөгөн улуттар менен ар кыл маданияттарды кошкон эбегейсиз мейкиндиктеги Россия Сиздин түздөн-түз катышууңуз менен мамлекеттик курулушта албан ийгиликтерге жетишти жана бүгүнкү күндө анын өнүгүшү менен эл аралык кадыр-баркы Сиздин атыңыз менен тыгыз байланышта. Россия Федерациясынын улуттук кызыкчылыктарды, жарандык биримдикти коргоого, руханий баалуулуктарды сактоого багыт алган курсу өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүнүн жана прогре ссинин кепилдиги болуп саналат.

Кыргызстанда жалпы тарыхый мурас, Сиздин Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы кылымдарды карыткан достук мамилелерди өнүктүрүүгө, биргелешкен ири экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кошкон жеке салымыңыз, ошондой эле Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерде көрсөткөн колдооңуз жогору бааланат.

Кыргыз-орус мамилелери мындан ары да эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча мамлекеттерибиздин гүлдөп-өсүшү үчүн союздаш жана стратегиялык өнөктөштүк духунда динамикалуу жана жемиштүү өнүгөт деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишинде мындан аркы албан ийгиликтерди, ал эми Россия элине тынчтык жана бакубатчылыкты каалады.