Милициянын кайгуул кызматкерлери алоолонгон өрттү өчүрүштү (фото)

2020-жылдын 14-июнунда Октябрь районуна бөлүнгөн Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери  бөлүнгөн чарчыда кайгуулда жүргөн учурда Медерова менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жол жээгиндеги куураган чөптөр алоолонуп күйүп жаткандыгын көрүшкөн.

Ошол замат ыкчам аракеттерди көрүп, өрт өчүрүүчү кызматы келгенче МККБнын мобилдик тобу экиге бөлүнүп, бири ошол жердеги коомдук тартипти сактоо максатында өрт жүргөн чарчыны курчоого алып турушса, экинчи топ күйуп жаткан өрттү өчүрүштү.

Милициянын кайгуул кызматкерлеринин бул ыкчам аракетин көргөн шаар тургундары кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы