Окуялар

Аялды барымтага алып, моюнуна бычак сайган. Жабырлануучунун абалы оор(ВИДЕО)

Кечээ чогуу жашаган кишиси барымтага алган аял моюнга бычак жеп, комада жатканын Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков ММК булактарына билдирген.

Эске салсак, кечээ, 17-июнда, 20:00дөр чамасында Ден Сяопин көчөсүндөгү ашкананын ичинде 36 жаштагы эркек киши чогуу жашаган аялын барымтага алып, бычак менен коркуткан. Ал жакка Кайгуул милициянын кызматкерлери, ыкчам-тергөө тобу менен шаардык №5 милиция бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев барган. Ал эркек киши менен сүйлөшүүгө аракет кылып, майнап чыкпаганда аны спорттук ыкма менен куралсыздандырган. Кармалган киши Биринчи май ИИБге жеткирилген. Аял кишини Тез жардам алып кеткени айтылып, бирок эмне жаракат алганы маалымдалган эмес.

Дарыгер Сабырбек Жумабековдун айтымында, аял моюнга, далыга жана башка жерлерине бир нече ирет бычак жеген.

«Акыбалы өтө оор. Комада жатат, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Моюндун тамыры кесилип, кан көп кетип калган. Азыр кан куюп жатабыз, кан басымы да түшүп жатат. Мойнунан тышкары далысына жана башка жерлерине сайгылай берген», — деп айтып берди дарыгер.

Жумабеков бул окуядан жабыркаган башка кишилер ооруканага түшпөгөнүн кошумчалады.

Ал эми Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кармалган киши тергөө абагына киргизилгенин айтып, ага карата «Адамга өлтүрүү үчүн кол салуу» беренеси боюнча иш козголгонун билдирди.

Кечээ аялды барымтага алган учур:

https://www.instagram.com/tv/CBi28KUnbj_/?utm_source=ig_embed

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button