Коом
Кыргызстанда дагы 309 кишиден коронавирус аныкталды. Үч киши каза тапты
Республикалык ыкчам штабда 27-июнга карата эпидемиологиялык абал тууралуу Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев статистикалык маалымат берди.
Саламаттык сактоо министринин орун басарынын айтуусуна караганда акыркы бир сутканын ичинде коронавирус 309 жаңы бейтап аныкталды, деп айтты министрдин орунбасары.
Акыркы суткада республиканын ооруканаларында үч бейтап каза тапкан.
Министрдин орун басарынын маалыматына караганда эпидемиологиялык абал айрыкча Бишкекте, Ош шаарында жана Ош областында оор экени көрүнүп турат.



