(Видео) Асель Кадырбекованын абалы оор бойдон калууда деди профессор Сабырбек Жумабеков

Белгилүү эстрада ырчысы Асель Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, учурда ооруканада. Анын абалын сураган күйөрмандары арбын. Асель айымдын ден соолугу боюнча белгилүү ортопед, дарыгер, профессор Сабырбек Жумабеков атайын элге видео-кайрылуу жасады:

“Урматтуу журналисттер, сиздерге Асель Кадырбекованын ден-соолугу тууралуу маалымат берип коеюн дедим. Анткени, мага абдан көп телефон чалуулар болуп, Асель Кадырбекованын ден-соолугун сурап жатышат. Сиздерди түшүнүп жатам, айтып койбосо да болбойт. Бирок, бул биздин ишибизге жолтоо болуп жатат. Эл-журт дагы бул маалыматты күтүп атат. Ошондуктан биз айтып коелу, Аселдин ден-соолугу дагы эле оор бойдон калууда. Ал азыр да кома абалында жатат. Бирок, өзү дем алып, кан басымы да өзүнүкү. Эч кандай дары-дармектин жардамы менен эмес. Бүгүнкү күндө кичине болсо да жылыш бар. Бирок, абалы баары бир оор бойдон калууда. Мындан ашык маалымат бере албайбыз. Калганын өзүнүн туугандарынан сурап алыңыздар. Сураныч, бизге телефон чалып убактыбызды албасаңыздар. Рахмат!”- деди ал.