Анжелика: Адам өлүмдөн качып кутулабы, же жашынып отуралыбы?

Карантин убагында чоң үй алып, коомчулуктун талкуусуна койгон ырчы Анжелика Кайратова учурда Ысык-Көлдө эс алып жаткан кези.

Анын Бишкекке кайтып келели деген оюн апасы борбордо абал оор экенин айтып токтотуп жатканын жазды.

Бирок, адамдын маңдайына ажал келсе өлүмдү токтото албай, андан качып кутула албасын жазды:

“Өлүмдөн адам качып кутулабы? “Бишкекке келбе” дейт апам. Же жашынып отуралыбы? Бардык тааныштарым жакындарын жоготуп жатат. Кудайдан жалыналы. Аман бололу”,- деди ал.

Эскерте кетсек, учурда коронавирустун очогу Бишкек шаары болуп, жуктургандардын саны жана каза болгондор да арбын.