Маданият
С.Жумабеков: Элдин дубасы, дарыгерлердин күчү менен Асель Кадырбекованын абалы оңолуп келе жатат

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков “Koom.press” сайтына ырчы Асел Кадырбекованын бүгүнкү абалы тууралуу маалымат берди:
“Кудайга шүгүр, Асел Кадырбекова медицинанын тили менен айтканда, “сопр” абалына келди. Бул комадан чыкты дегенди билдирбейт. Кыргызча түшүндүрсөм толук түрдө өзүнө келе элек. Бирок, көзүн ачып, тамак ичип “тилиң, мурдуң кана?” десек көрсөтө баштады. Биз анын сакайып кетүүсүнө болгон аракетибизди жумшайбыз. Элдин дубасы, дарыгерлердин күчү менен аз-аздан өзүнө келе баштады. Бутуна туруп, үй-бүлөсүнө, элге аралашуусун каалайбыз”, -деп билдирген ал аталган сайтка.



