Маданият

Анжелика эмне үчүн «былтыйган ырчылар» дегенинин себебин айтты (фото)

Эсиңерге сала кетсек, Анжелика 85 миң доллар топтоп, ооруп жаткан мекендештерине жардам бериш үчүн 200гө жакын кычкылтек концентраторуна заказ берген.

Ошол кайрымдуулук ишин баштаарда өзүнүн кесиптештерине кайрылыптыр, анан алардан оңчулуктуу жардам ала албаган соң, жаны кашайып: “Былтыйган ырчылар бар. Кайрымдуулук чогуу кылалы десек, ошого дагы ичи күйгөн. Силер же бир тууганыңар оорубаса эле ушунча бой көтөрөсүңөрбү? “Вообще” адам эмес экенсиңер” деген.

Анжелика эмне себептен ошентип айтканына түшүндүрмө берип, Инстаграм баракчасына төмөнкүдөй пост жүктөдү: «Мен эч кимге милдет кылбайм жана эч кимди кыйнабайм!
Булардын миллион аудиториясы бар туруп, бир сторис сурансам — ошону аягандар тууралуу эле. Концерттериңерде мен постторду ар дайым жүктөчүмүн!
«Бардыгында сеникиндей мүмкүнчүлүгү жок да» деп мени тилдебей, маанисин түшүнүңүздөр! Мен биригүүгө чакырдым!


Инстаграм баракчам ЭЛДИКИ! Эл үчүн кызмат кылып жатканын көрүп жатасыздар. Арасында статистика боюнча казак, өзбек, тажик, орус эли дагы көп. Алардан дагы керек болсо акчалай жардам келип жатат…», деген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button