Адис эскеретет: коронавируска каршы вакцина кимдерге туура келбейт?

Биринчи орус вакцинасы ыктыярчылардын катышуусу менен сыноодон өтүп, эми август айынын ортосунан тартып жалпы эле жарандар үчүн чыгарыла баштайт.

Бирок, Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин Н. Ф. Гамалей атындагы эпидемиология жана микробиология Улуттук илим изилдөө борборунун директору Александр Гинцбург, вакцина иммундук системасынын оор өнөкөт оорулары барларга болбойт деди. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Окумуштуу, кандай гана вакцинация болбосун – бул иммундук система үчүн стресс, андыктан ал өнөкөт ооруларды козгоп ийиши мүмкүн. Демек, мындай адамдар, вакцина алаардан мурда врач-иммунолог менен консультация кылышы керек, деп түшүндүрдү.