ИИМдин Академиясынын кызматкерлери менен курсанттары сууга аккан кызды куткарып калышты (фото)

ИИМдин Академиясында кезметте турган курсант Асылбеков Бекжан Аламүдүн – 1 кичи районундагы каналда кыздын жардамга чакырып кыйкырып агып бара жатканын көргөн. Ошол замат ИИМдин Академиясынын нөөмөт бөлүмүнө билдирген. Нөөмөтчү милициянын подполковниги Шамиров Ж., нөөмөтчүнүн жардамчысы милициянын прапорщиги Тангатаров Б., жана Академия боюнча жооптуу милициянын полковниги Камчыбеков Н., тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, агып бара жаткан кызды суудан алып чыгышкан. Андан соң, денесиндеги жаракаттарына биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, медициналык тез жардам кызматына тапшырып беришкен. Өз маалында жардам көрсөтүп, аман алып калган Академиянын кызматкерлерине кыздын ата энеси, туугандары ыраазычылык билдиришти.
ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы

Милиция кызматкерлери жана курсанттар куткарылган кыз менен