Дүйнө

Португалия коронавирусту жок кыла турган беткап чыгарды

Португалиянын борбору Лиссабондогу молекулярдык медицина Институнун кызматкерлери COVID-19ду жок кыла турган беткап чыгарышты. Бул туурасында La Razón газета билдирген.

Окумуштуулар инновациялык коргогуч менен капталган беткаптын, инфекция менен контакт болгондо аны жок кыла турган эффектин бышыкташты. Сыноонун учурунда беткаптын материалы менен контакта болгон коронавирустун активдүүлүгү бир сааттын ичинде 99 процентке жок болоору белгиленген. Ошол эле учурда бул беткап көп жолу колдонулат. Анын инфекцияны жок кылуучу эфекти 50 ирээт жуугандан кийин да сакталат, деп белгилешет окумуштуулар.

Сөз жогорку эффективдүү көп жолу колдонулуучу беткап жөнүндө кетип жатат. Жеке коргоочу бул беткапты суу өтпөгөн ар түркүн материалдардын кат-кат курандысынан жасашканын, Институттун окумуштуулары белгилешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button