Окуялар

16, 17 жаштагы балдар таксистти өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүп, денесин өрттөп ийишкен

Өзгөн районунда адам өлтүргөнгө шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-июль күнү саат 20:00дөр чамасында Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүндө «ВАЗ» үлгүсүндөгү жеңил унаа күйгөн абалда турганы боюнча ички иштер бөлүмүнө кабар келип түшкөн. Күйгөн автоунаа буга чейин Өзгөн районунун Зергер айылынын тургуну 29 жаштагы дайынсыз жоголгон Ж. у*. Мга таандык болгон.

Бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин негизинде Өзгөн районунун тургуну 16 жаштагы М. у. А. шектүү катары суралып, анда 2020-жылдын 20-июлунда 17 жаштагы Е.И. менен Өзгөн шаарынын борбордук базарынын жанында турган «ВАЗ» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Ж. у. М. такси катары Шералы айылына барып келүү үчүн 200 сомго жалдап, бара турган жерине жетип айдоочуга 100 сом акчабыз бар эле ушуну алып кой дегенде, айдоочу Ж. у. М. 200 сомго сүйлөштүк эле кошуп бер деп ортодон өз ара пикир келишпестик жаралып машинанын ичинде урушуп кетишкен.

Машинанын арткы орундукта олтурган И.Э. өзү асынып жүргөн сумкасынын илгич жиби менен айдоочу баланын мойнуна илип, муунтуп астынкы орундукта олтурган М. у. А. бет жагына уруп өлтүрүп алышкан. Айдоочунун жансыз денесин автоунаанын багажнигине салып барышып, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Дарыя сайында өрттөп, сууга агызып жиберишкен.
И.Э. автоунааны айдап келип 17 жаштагы А. у. Ш, Ш.И, жана 15 жаштагы С.К. досторуна жолугуп, жогорудагы окуя тууралуу айтып берген. Анда И.Э, М. у. А. достору менен биргеликте аталган автоунаанын багажында турган бензин менен өрттөп салышкан. Бирок ал атуулдар кылмышты жашырып тиешелүү органдарга айткан эмес.

Бул окуя боюнча 2020-жылдын 27-июль күнү Кыргыз Республикасынын ЖКнин 130-бер. 2-б. 3-п. менен Өзгөн РИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, адам өлтүргөнгө шектүү катары 16 жаштагы М. у. А. менен 17 жаштагы Е.И. кармалган жана убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал эми кылмышты жашыргандыктары үчүн 17 жаштагы А. у. Ш, Ш.И. Кыргыз Республикасынын Жоруктар Кодексинин 128-беренсинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми 15 жаштагы С.К. кылмышты жашыргандыгы үчүн шектүү катары жоопкерчилиги каралууда.

Бүгүнкү күндө алардын баш коргоо чарасы Өзгөн райондук соту тарабынан каралып, шектүүлөр 2 айлык мөөнөткө камакка алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button