Без рубрики

Министр Мурашко:Россияда коронавируска каршы массалык эмдөө күзүндө башталат

Россияда COVID-19га каршы массалык эмдөө  октябрь айында башталат, деп билдирди, РФнын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко. Бул туурасында “Вестник Кавказа” маалымат порталы кабарлады.  

«Кеңири эмдөө, жардам берүүнүн жаңы системасына  акырындап кириш керек, деп пландап жатабыз. Эмдөө октябрь айына туура келет «, — деген министрдин сөзүн,  РИА Новости цитата кылды.  

Гамалей институту иштеп чыккан вакцина клиникалык сыноодон өткөнүн, азыр аны расмий каттоо үчүн документтердин пакети даярдалып жатканын түшүндүрдү министр.  

Мурашконун сөзү боюнча, каттоо күбөлүгүн алгандан кийин, биринчилерден болуп өзгөчө топтун өкүлдөрү – медиктер менен мугалимдер эмделет, деп айтты ал.  Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчиси, эмделгендер дайыма байкоо алдында болот деп кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button