Дүйнө

Эненин эмчек сүтүн чоңдорду да коронавирустан сактоо үчүн пайдаланса болот дешет адистер

Америкалык жана кытайлык адистер коронавирус менен ооруп айыккан эненин сүтүндө SARS-CoV-2ге (COVID-19) каршы антитела бар экенин аныкташкан. Иликтөөчүлөр эмчек сүт ымыркайга патогенге каршы турууга жардам берет деп эсептешет. Бул туурасында ТАСС билдирген.

Пекиндеги биотехнология институтунун окумуштуулары Чанчжэн ооруканасынын врачтары менен биргелешип өткөргөн, жана Калифорниянын Мерсед  университетинин адистеринин тобу Маунт-Синай медициналык борбору (Нью-Йорк)  менен биргеликте өткөрүшкөн иликтөөлөрдө, коронавирус менен ооруп айыккан эненин сүтүндө бул илдетке каршы антитела бар экенин аныкташкан.

Окумуштулар эненин сүтүндө 90% секретирлөөчү формадагы  IgA антителалары бар экенин таап чыгышкан. Ал антителалар ымыркайдын тамак сиңирүү трактында (ичеги-карында) ашказан согунан өткөндөн кийин да жок болбостон жашап кетүүгө жөндөмдүү келишип, наристелерди коронавирус инфекциясынан сакташат. Бул туурасында “Известия” жазып чыккан.

«Секретирлөөчү антителалар <…> COVID-19дан дарылоочу өтө чоң потенциалга ээ», — деп белгилешкен адистер.

Адистердин пикири боюнча, эненин сүтүн чоңдорду дагы коронавирус тумоосунан коргоо үчүн профилактикалык максатта пайдаланса болот.

Мунун бир минусу – эненин сүтүн коронавируска каршы профиликтика ирээтинде дармек катары пайдалануу биртоп эле кымбат болот. Андан тышкаары донордун (эненин) кандай оорулары бар экенин өтө кылдат текшерүү зарылчылыгы да келип чыгат.   

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button