Революция: Минскинин борборунда миңдеген кишилер баррикадаларды кура башташты (видео)

Белоруссиядагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул болбогон миңдеген нааразы адамдар 10-августтун кечинен тартып, Минскинин так борборунда 2 метрге жеткен баррикадаларды кура башташкан видеосун NEXTA Telegram-каналы көрсөттү.

Массалык акциянын катышуучулары тосмолордун бөлүктөрүн, таштанды салуучу челектерди, макултатура чогултуучу бокстарды, афиша чапталчу тумбаларды, жыгач поддондорду пайдаланышып, баррикадаларды куруп атышат. Кээ бир жерлерде баррикадалардын бийиктиги эки метрге чейин жетет. Баррикадалардын тегерегинде миңдеген нааразы адамдар чогулган.

Баррикадаларды10-августтун кечинен тартып метронун «Пушкинская» станциясынын тегерегинде кура башташкан. Күч органдары буга жооп кылышып көздү уялткан жарык чыгарчу, кулак тундурчу гранаталарды колдонушуп, элди резина октор менен ата башташты.

Эсиңерге сала кетсек, 9-августа Белоруссияда президенттик шайлоо өтүп, анда 26 жылдан бери катары менен бийлик жүргүзүп келаткан Александр Лукашенко кезектеги жолу 80%тен жогору добуш алып, кайрадан президенттикке шайланган.

Оппозиция добуштарды саноо эч кандай болбогонун, шайлоо толук бойдон мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып, мындай жыйынтыкты фальсификация деп атады.

Ошол күдүн кечинен тартып бүтүндөй Белоруссия боюнча массалык митингдер башталып, аларды күч менен басуу үчүн президент Александр Лукашенко армия менен ички иштер министрлигинин жоокерлерин колдонуп жатат. Ошол эле күнү протестке чыккандардын бирөөн милициянын автозагы тепсеп өлтүрдү.

Эртеси, 10-августа өз элин койго теңеп, “бул койлорду” чет өлкөдөн башкарып жатышат”, деп айтты Александр Лукашенко.

Шайлоодон кийин, Александр Лукашенко биринчилерден болуп Даниил Урицкий (Кыргызстандын экс-премьер-министри Данияр Үсөнов) менен жолугушканы тууралуу массалык маалымдоочу каражаттар жазып чыгышты.