Саясат

Сооронбай Жээнбеков Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарын кыдырат

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-13-август күндөрү жумушчу сапары менен Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жээнбеков иш сапарынын алкагында медициналык, социалдык, айыл чарба, өнөр жай жана билим берүү объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Ошондой эле пандемия шартында ирригацияны жакшыртуу жана ички жолдорду реконструкциялоо долбоорлорунун кантип ишке ашып жатканын көрөт.

Мамлекет башчынын өлкө аймактарына иш сапары уланып жатканы белгиленди. Ал буга чейин Ошто, Таласта жана Ысык-Көлдө болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button