Кызыктар

Сайкал Садыбакасова: Эркиним менин, Аллахым сурагыңды жеңил кылсын, сен жакшынын жакшысы элең го…

Легендарлуу “Кыз Бурак” тобунун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасованын уулу жана ырчы Сайкал Садыбакасованын иниси Эркин Садыбакасов 26-августта жүрөк оорусунан улам каза болгон эле.

Маркум Эркин Садыбакасовду  бир тууган эжеси Сайкал Садыбакасова эскерүү видеосу менен катар аны жоктогон пикирин жазды:

«Апам экөөбүздүн жөлөгүбүз, эркетайыбыз Эркиним бул дүйнө менен 25-августта коштошту. Апам экөөбүзгө, сени таанып-билгендерге аябай оор болуп жатат. Эркиним менин, Аллахым сурагыңды жеңил кылып, бейиштен орун берсин. Аллах сени менен, эч коркпо, тынч уктайгой менин ананайыным…

«Саку эже, мага шаурма ала келиңчи» деп эми мага ким айтат?, «Апам экөөңөрдү чоңойсом Меккеге алып барам» дечү элең го. Эми бизге ким жөлөк болот, Эколям?
Жакшы адамдарды Аллахым эрте алып кетет дешчү эле… Сен жакшылардын жакшысы элең… Сен биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө жашайсың!», — деп жазган Садыбакасова.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button