Паспорттогу жашыңыз 50дө, а биологиялык чын жашыңыз 25-30дарда болуп калышы мүмкүн. Тест

Бир курактагы эле, жашы боюнча жашташ кишилер эмне үчүн ар түрдүү көрүнүшөт? Анткени маселенин баары биологиялык жаштын айырмасына байланышкан. Себеби биологиялык жаш, факты жүзүндөгү жаштан (паспорттогудан) алда канча айырмалынып турат. Бул тууралуу Tv.ua жазып чыкты.   

Биологиялык жаш деген эмне

Генетика, климат, жашоо образы, зыяндуу адаттардын жоктугу, же барлыгы,  ошондой эле стресстер биздин организимибизге өтө чоң таасир бере турган факторлор иушулар. Кээ бир органдар тез “жешилип”, ал эми кээ бирлери улгайган куракта да өзүнүн жаш кездегидей касиетин жоготпойт.

Жүрөгүңөр, муундарыңар жана тарамыштарыңардын абалын текшерип көргүңөр келеби?

Анда өзүңүздүн биологиялык жашыңыз канчада экенин аныктап алышыңыз зарыл.

Жүрөктүн жашы канчада экенин кантип билсе болот?

Биздин организимибиздин эң башкы булчуң эти канчалык жакшы иштээрин билиш үчүн, окумуштуулар эң жөнөкөй тест ойлоп табышкан: жайбаракат турганда жүрөгүңүздүн сокконун өлчөп алыңыз да жазып коюңуз. Андан кийин өзүңүздү кыйнабагыдай абалда 10 жолу олтуруп-туруңуз да, кайрадан жүрөгүңүздүн кагышын текшериңиз. Андан соң экөөнү салыштырып көрүңүз:  

-эгер айырмасы 10 кагуудан ашпаса – жүрөк-кан тамыр системаңыз 20 жашта;

-айырмасы 10дон 20 кагууга чейин болсо – 30 жашта;

-айырмасы  20дан 30 кагууга чейин – 40 жашта;

-айырмасы 30дан 40 кагууга чейин  – 50 жашта;

-айырмасы 40 кагуудан жогору болсо  – 60 жашта.

Тарамыштарыбыздын абалын текшеребиз

Шашпай, жай эңкейип алаканыбызды жерге жеткирүүгө аракеттенебиз. Эгер алакандарыңызды жерге толук тийгизе алсаңыз, анда тарамыштарыңыз идеалдуу абалда (20 жашка барабар); а кокус жерге манжаларыңызды эле жеткизе алсаңыз – тарамыштарыңыз 30 жаштагыга барабар; кимде ким колун кызыл ашыгына чейин жеткирсе, анда 40 жашка туура келет; ал эми тизесине араң жеткире алгандардын тарамышы 50 жаштын тегерегинде болуп саналат.   

 Координацияңыздын абалы кандай

Дагы бир тест сиз өзүңүздүн денеңизди кандай сезе алаарыңызга байланышкан. Бир буттап туруп, көзүңүздү жуумп, ушундай абалда мүмкүн болушунча көбүрөөк турганга аркеттениңиз:

-30 же андан ашык секунд тура алсаңыз – биологиялык жашыңыз 20да;

-21ден 30 секундга чейин турсаңыз  – биологиялык жашыңыз 30да;

-16дан 20 секундга чейин тура алсаңыз  – жашыңыз 40та;

-15 секундга чейин турсаңыз, демек жашыңыз 50дө;

-10 секунд да тура албасаңыз  – биологиялык жашыңыз 60та.

Эсиңерде болсун, эгерде тесттик текшерүүдөн өткөнгө чейин стресске кабылсаңыз, же түнкүсүн начар уктасаңыз, анда кандай тест болбосун туура эмес натыйжа бериши ыктымал. Ошондуктан, кайталап, кайра-кайра өтүп коюп турсаңыз, баары бир объективдүү натыйжаны ала аласыз.

Биологиялык жактан жашарыш үчүн дени сак жашоо образына өтүңүз.