Кыргызстандыктарга кимдер душмандык кылууда?

Cудья М.Болотбаевдин чечиминен кийинки ойлор

2016-жылы жайында Түркияда аскердик төңкөрүш ишке ашпай калгандан бери “Вефа” соода борбору талашка түшүүдө.  Түркиянын азыркы бийлик башында тургандар ал соода борборуна Фетхуллах Гюлендин тиешеси бар деген шекте анын азыркы ээси “Аруу Жылдыз” компаниясынан тартып алып, мурдагы ээси “Озгюн Иншаат Таахют ве Тижарет” акционердик коомуна өткөрүп берүүнү талап кылууда. Түркиянын Кыргызстандагы элчиси, кыргызстандыктарга акыл үйрөткөндү жакшы көргөн Женгиз Камил Фырат деген мырзанын “Аруу Жылдыз” менен Озгюн Иншааттын” ортосундагы соттук кароолорго катышып, “Вефаны” түркиялык акционердик коомго өткөрүп берүүнү талап кылып келгендиги анын ачык далили боло алат. Фырат мырза мурда дипломатиялык тажрыйбада болбогон чектен чыккан прецедент жасады. Анткени, башка өлкөнүн элчисинин өзү иштеп жаткан мамлекеттин ички иштерине кийлигишкенге эч кандай укугу жок. Ал ачыктан ачык  кийлигишүү менен чектелбестен соттук чечимге таасир көрсөтүүгө аракеттенип, “бул саясый маселе, демек Кыргызстандын соттору Түркиянын өкмөтү каалагандай чечим чыгарышы керек” деп кыйкырып  жүрдү. Анын чектен чыккан жоругун теске салып, “эй кардаш  ашына, элчиге окшоп дипломатиялык этикетти сактап жүр” дегенге  Тышкы иштер министрлигибиз, атүгүл өкмөтүбүз да даабады.

Маселенин чоо жайы мындай. Ишке ашпаган аскердик төңкөрүшкө чейин  “Озгюн Иншаат Таахют ве Тижарет” да Ф.Гюленге тиешеси бар жекече  ишкана деп эсептелген. Төңкөрүш ишке ашпай калгандан кийин аны Түркиянын өкмөтү мамлекеттин эсебине өткөргөн. Андан көп өтпөй же 2017-жылы “Вефаны” жаңы ээлеринен тартып алып, “Озгюн Иншаттын” түзүмүнө айландырууга киришкен. Бул максатта “Вефанын” “Аруу Жылдызга” сатылган документтерин жокко чыгаруу боюнча соттук аракет башталган. Сатуу, сатып алуу процедуралары мыйзамдуу болгондуктан бардык инстанциялардагы соттор “Аруу Жылдыздын” пайдасына чечим чыгарышкан.  Акыркы ирет андай чечимди  2020-жылы 23-апрелде Бишкектин райондор аралык соту чыгарган. Бирок, 2020-жылы 4-сентябрда  Түркиянын элчиси Жогорку Кеңештин төрагасы Д.Жумабеков менен жолугушкандан кийин Биринчи май райондук сотунун Мелис Болотбаев деген судьясы “Вефа” соода түйүнүн соода орундарын ижарага берүү укугунан ажыратуу менен камакка алуу жөнүндө чечим чыгарып таштады. Бул деген ал түйүндөгү орундарды ижарага алып, кошумча жумушчуларды жалдап, иштеп, бала чакаларын багып, ай сайын казынага 2 миллион сомдон салык төлөп жаткан 500дөн ашык кыргызстандык жумушсуз калды дегенди билдирет.

Кошумча жагдайлар ачылса, соттук кайра кароо, мүлктү убактылуу камакка алуу болушу мүмкүн. Анда талаш жок. Бизди  гана эмес, жалпы элди  кыжалат кылганы; эмне үчүн судья Мелис Болотбаев ижарага берүү укугунан ажыратуу менен камакка алынсын деген чечим чыгарат? Ал анда иштеп жаткан 500дөн ашык адамды көчөгө кууп чыгарып салганга тете көрүнүш. Жайды гана камакка алып, иштеп жаткандарды жөн койсо болбойт беле? Же ижарачылар “Вефаны” бузуп, талкалап кирпичтерине чейин ташып кетмек беле? Антишмек эмес. Кароолчулары, кожоюндары бар.

Андагылар бир нече ай бою пандемиядан улам иштебей, көпчүлүгү кредиттерин төкмөк түгүл бала-чакаларын баккандан кыйналып, эми абал жеңилдесе, карыздарыбыздан кутула баштайбыз, тирчиликтерибизди да кыйналбай өткөрөбүз деген үмүттө турганда, көчөгө кууп чыгарып таштоо, бул элге каршы жасалган кылмыш, президенттин азыркы саясатына каршы багытталган диверсия деп гана билебиз. Көчөдө калгандар тынчышпайт, унчукпай калышпайт, ызы-чууларды көбөйткөндөрдүн катарына барып кошулушат. Шайлоо алдында Өкмөткө, Президентке мындай “белектин” таптакыр кереги жок болчу.

Адатта бизде апелляциялык арыздар кабыл алнгандан кийин соттук кароолорго чейинки убакыт эң кеминде бир нече айга созулат. Ал эми “Вефанын” ишин кайра кароодогу чагылгандай тездиктен ага “Франкурт жана майнанын автору” гана эмес, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын да катышы бар экендиги ачык эле көрүнүп турат. Алсак, “Озгюн Иншааттын” 2020-жылдын 21-августунда берген арызын Жогорку Сот 26-августта карап, 28-августта кайра кароого жиберет. Ал документ 3-сентябрда Биринчи май райсотуна келип түшсө, 4-сентябрда Түркиянын элчиси төрага Д.Жумабеков менен жолугушат. Судья М. Болотбаев ал ишти 7-сентябрда карап, жогорудагыдай чечим чыгарат.

Судья М.Болотбаев деген ким? Ал көп жылдар бою Жогорку Соттун жетекчисинин жардамчысы болуп иштеп жүргөн, судьялык стажы 6 айдан араң ашкан жигит. Мындан деле Жогорку Соттун төрайымы ишти тезирээк бүткөрүүнү “өз баласына” тапшыра койгону көрүнүп турат.

Ататүрк өлгөндөн бери Түркияда беш жолу мамлекеттик төңкөрүш болгон. Алтынчысы ишке ашпады. Жеңилгендердин тагдыры ошол: чыккынчылар, диверсанттар, эл душмандары деп жарыяланышат. Эгерде жеңсе баатырларга теңешмек. Ал Түркиянын өзүнүн ички маселеси. Бирок, башка мамлекеттин ички ишине аралашып, бир тараптын кызыкчылыгын талашып, түрк элине жаман көрүнүп, ал аздык кылгансып өзүбүздүн жүздөгөн жарандарыбызды жумуш орундарынан ажыратып,  көчөгө кууп чыгарып салгандын  бизге кандай зарылчылыгы бар эле? Эртең түрктөрдүн жетинчи төңкөрүшү ишке ашып, “Вефаны” кайра “Аруу Жылдызга” өткөрүп бергиле десе эмне кылабыз? Кандай абалда калабыз?  Бул гипотеза. Бирок, мындай болбойт деп да эч ким кесе айта албайт. Жумушсуз калгандардын компенсациясын Фырат мырза же  судья М.Болотбаевге кошулуп Д.Жумабеков, Г.Калиева үчөөсү төлөп беришеби?

Биз үчүн сырткы “кардаштардын”  айрым өкүлдөрүнүн эмес, өз элибиздин кызыкчылыгы баарынан жогору турушу керек!