Дүйнө

Эмне үчүн азербайжандар бир тууган эже-карындаштарына үйлөнүшөт?

Көптөгөн кылымдардан бери азербайжандар өздөрүнүн эже-карындаштарына үйлөнүшөт. Эгер мурда бул салт азербайжандардын баардыгында сакталса, азыркы учурда уламдан-улам сейректеп баратат. Эмне себептен ушундай салт – өз эже-карындаштары менен никелешүү пайда болгон? Бул тууралуу FISHKI.NET порталы жазып чыкты.

Бул салт кантип жаралган

Дароо эле айта кетчү нерсе, кеп карачечкей бир туугандардын бири-бири менен никеге туруусу эмес, ага-ининин уул-кыздарынын никелешүүсү тууралуу жүрөт. Тарыхчылардын бышыктоолоруна караганда, мындай никелешүүлөр байыркы жамаатташуу доорунан башталат, анда бир уруунун ичинде бири-бири менен турмуш куруу кадыресе көрүнүш болуп саналган. Бир тууган эже-карындашына үйлөнүү, биринчи кезекте оокаттуу үй-бүлөөлөр үчүн пайдалуу болгон, анткени алар өз байлыктарын уруудан сырткаары чыгаргылары келишкен эмес. Кээ бир айыл-кыштактарда ушул кезге чейин уул-кыздарын сырттан үйлөндүрүшпөйт, сыртка турмушка чыгарышпайт – никелешүү ошол турактын чегинде гана ишке ашат. Анын үстүнө аталаш эже-карындашына үйлөнүү салт катары калыптангандыктан, эч кандай сын көз караш менен каралбайт дагы.  Анын үстүнө бул салт кылымдардан бери келе жаткандыктан, ага каршы чыгууга эч ким дааган эмес.

Психологдордун пикири боюнча ага-ининин уул-кыздары өтө жакын тууган катары кабыл алынган эмес, ошондуктан алардын бири-бири менен жубай болуусу кадыресе көрүнүш болуп саналган. Аталаш уул-кыздардын  ортосунда жаралган  сезим да, алардын бала чагынан бирге өсүп, бирге чоңоюп, бири-биринин кыял-жоруктарын, мүнөздөрүн эң сонун билгендиктен улам болсо керек. Элестетип көрүңүз, дешет психологдор, силер бала чагыңыздардан бири-бириңиздерди эң сонун билесиздер, жакшы көрөсүздөр, анан ага кошумча болуп күйөөсү/аялы болууңуздарга салт өзү жол берет. Андай болгон соң эмне үчүн мындай мүмкүнчүлүктү пайдалууга болбосун?

Бир туугандардын ортосундагы никелешүүнүн жактоочулары бул көрүнүш үй-бүлөөнүн ичиндеги туруктуулукка көмөкчү болот деп эсептешет. Маселен, сырттан бирөө менен никеге туруу алардын үй-бүлөөлүк мамлесинин узак болооруна кепилдик бере албайт. А аталаш бир туугандардын бири-бирине үйлөнүүсү  үй-бүлөө мамилелерин сактап калууга чоң өбөлгө түзөт.  

Социологдордун белгилегине караганда, жабык жамааттарда аталаш уул-кыздардын бири-бирине сезимдеринин пайда болушу, алардын узак убакка чейин туугандардын гана ичинде жашоого мажубур болгондуктарына байланышкан. Уруунун сыртына чыгуу, сырттан байланыш күтүү алда канча сейрек кездешкен.

Азыр бул салт кандай сакталууда

Азыркы Азербайжанда туугандардын ортосунда никелешүү дагы эле кездешет, бирок, социологдор бул көрүнүш улам сейректеп бара жатат деп белгилешет. Негизинен бул салт, анча чоң эмес айыл-кыштактарда гана сакталууда. Мындай никелешүүнү, көпчүлүк убакта жаштар эмес, жеке кызыкчылыкты көздөшкөн алардын ата-энелери каалашат.

Мындай учурда жаштарга психологиялык кысым көрсөтүүдөн башка да, уул-кыз саламаттыгы начар балдардын ата-энеси болуу тобокелдигине учурашат, деп белгилешет медиктер. Врач-гинеколог Эльнара Гусейнова, туугандардын ортосундагы никеден туулчу ымыркайлардын саламаттыгына доо кете турган  учурлар, тууганчылыгы жок аял-эркектин турмуш куруусунан төрөлгөн наристелерге караганда алда канча  жогору болушу ыктымал дейт.

Бул салтты жакшы билгендиктен, Азербайжан бийлиги 2015-жылдан тартып болочок жубайларды сөзсүз түрдө медициналык иликтөөдөн өтүүгө милдеттендирген. Эгерде кандайдыр бир тукум куучулук оорулар табылса, анда аны үйлөнө турган жаштар дароо билишет. Бул мыйзам бир туугандардын ортосундагы никелешүүгө тыюу сала албайт, бирок алар кандай тобокелчиликке барышкан жатканын алдын ала биле турган болушат.

Юрист Самира Агаева, иликтөөлөрдүн тыянагына таянып, жалпы улуттук масштабда бир туугандардын никелешүүсү калктын саламаттыгына кандай чоң залалын тийгизээрин белгилейт. Ушул себептен, мындай никелешүүгө мамлекет расмий түрдө тыюу салышы керек болчу, дейт Агаева. Бирок, бул көрүнүшкө карата бийлик жумшак позицияда турат: бир туугандардын никелешүүсүнө каршы активисттер өз пикирлерин ачык билдире алышат, бирок акыркы чечимди жаштардын ата-энелери жана болочоктогу жубайлар өздөрү чыгарышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button