Дүйнө

Коронавирустан каза болгондордун саны миллиондон ашты

Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, дүйнө жүзүндө коронавирустан каза болгондордун саны бир миллиондон ашты.

Бишкек убактысы боюнча саат 9.20да COVID-19дун курмандыгы болгон адамдардн саны 1 000 825ке жеткени айтылат.

Коронавирус чыккандан бери расмий түрдө 33 273 720 кишиден COVID аныкталган, алардын ичинен 23 056 480 киши сакайып кетти.

Кыргызстан тууралуу айта турган болсок, бир нече аптадан бери өлүм катталбай келип, кечээ, 28-сентябрь күнү, бир адамдын каза болгондугу айтылды. Ушуну менен өлкөдө илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 1 064тү түздү.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button