Премьер-министр Садыр Жапаров мамлекеттик кызматка жаңы кадрларды тартууну баштоо жөнүндө жарыялады

Мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду.

Премьер-министр Садыр Жапаров буйрукка кол койду, ага ылайык:

– Аманбаев Бактыбек Абдилашимович (1969-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – Министри милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

– Ниязбеков Уланбек Омоканович (1975-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды;

– Абдылдаев Сагынбек Токонович (1969-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалк кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды  (финансы полициясы);

– Эгембердиев Аскат Раимжанович (1968-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды;

– Ашимбаев Сабыркул Абасович (1968-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

– Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович (1983-жылы туулган) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.