Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча ЖКнын токтому президентке жиберилди

Жогорку Кеңештин 14-октябрда өткөн жыйынындагы Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын премьер-министрлигине бекитүү тууралуу токтому, президент Сооронбай Жээнбековго кол коюуга жиберилди. Мыйзам боюнча президент токтомго үч күндүн ичинде кол коюга тийиш. А кокус мамлекет башчы аталган документке кол койбой койгон күндө да, баары бир премьер-министр катары бекиген болуп саналат. Эми анын легитимдүүлүгүнө шек келтирүү мүмкүн эмес.