Аялы өлүм оозунда жатканда күйөөсү кайненеси менен жүрүп алган

Кызы муну укканда, бирөө аны бычак менен көкүрөккө малып алгандай абалда калган.

Акылга анча сыя бербеген бул окуя Бразилиянын Пернамбуку шаарында болуп өткөн. Шаар тургуну Камилла де Мело операциядан кийин инсульт болуп, өмүр менен өлүмдүн ортосунда күрөшүп, төрт ай ооруканада жатып калат. Ансыз да, оорудан сакая элек кыз эң жакын адамдарынын колдоосунун оордуна, алардан болуп көрбөгөндөй сокку жеген.

Камилла де Мелону атасы ооруканадан үйүнө чыгарып алып баргандан кийин, апасы менен кыздын күйөөсү жүрүп кеткенин айткан. Бул тууралуу Камилла де Мело өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыккан.

Кыз өлүм менен кармашып жаткан мезгилде, апасы неберсин карайм деп, күйөө баласыныкында жашап калат. Бирок көп өтпөй эле кайнене менен күйөө баланын мамилеси ысык болуп кетет, деп жазат noamazonaseassim.

Камилла де Мело уулу жана атасы менен.

Кайненсине ашык болгон кыздын күйөөсү, жубайы оору менен алышып жаткан төрт айдын ичинде, аны бар болгону эки ирээт гана барып көргөн. А апасы кызына бир да жолу келген эмес.  

“Мен эми мындан ары аны апа деп айта албайм. Ооруканадан чыгып келгенден кийин телефон чалып, аман-эсендигимди билдирип, күйөөм экөөң  жолугуп  атасыңарбы, деп сурасам “Ооба, биз экөөбүз тең бактылуубуз” деген жооп алдым”, – дейт Камилла де Мело.

Кыздын сөзүнө караганда апасы менен атасы 32 жыл чогуу жашашкан. Жапжашынакай эле эле үй-бүлөө болушкан. Бирок, Камилла өспүрүм кезде эле апасы аны менен тымызын эрегишип, дайыма ага нааразы болгонун баамдачу экен. Азыр анын кичинекей төрт жашар уулуна кам көрүүгө Камилланын атасы жардамдашып жатат. Ал дагы аялына алданып, моралдык жактан жабыр тартып турган кези.