Кагылыштан 300дөн ашык милиция кызматери жабыркаган

“Ала-Тоо” аянтындагы кагылыштан 300дөн ашык милиция кызматкери жабыркаган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 5-октябрда “Ала-Тоо” аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митинг өткөргөн. Кийинчерээк чогулгандар Ак үйдү басып алууга аракет кылып, жыйынтыгында милиция менен митингчилер кагылышып, миңден ашык адам жабыркап, бир киши көз жумган.

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, жабыркаган укук коргоо органдарынын ичинен азыркы учурда 198и ооруканада дарыланып жатат. Калганы медициналык жардамды амбулатордук шартта алууда.

“ИИМдин коомдук кеңешинин мүчөлөрү ооруканада жаткандардын абалын сурап, аларга гуманитардык жардам көрсөттү. Ал эми жабыркагандар компенсация төлөп берүү, жеке менчик клиникаларда анализдерди акысыз тапшыруу өтүнүчтөрү менен кайрылган”, — деп айтылат маалыматта.

Митингде жарадар болгондордун арасында бир көзүнөн, колунан айрылган жигиттер да бар.