Алмамбет Шыкмаматов менен Сыймык Жапыкеевге кылмыш иши козголду беле?

Адегенде бул туурасында Vesti.kg  маалымат агенттигине 15-октябрда Алмамбет Шыкмаматов өзү маалымдаган.

“ЖКнын  экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматов менен «Чоң Казат» партиясынын  лидери Сыймык Жапыкеевге Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду”, деп айтылган Vesti.kg маалымат агенттигин маалыматында.  

-Мага жана Сыймык Жапыкеевге карата 245-cтатья – имараттарды жана курулган курулуштарды басып алуу фактылары боюнча кылмыш иши козгошту. Бул өтө чоң жаңылыштык, -деген анда, ЖКнын экс-депутаты Шыкмаматов.

Бул билдирүүдөн көп өтпөй эле Башкы прокуратура Алмамбет Шыкмаматовго жана Сыймык Жапыкеевге Аскердик прокуратура эч кандай иш козгобогонун маалымдап, экс-депутаттын айтканын төгүнгө чыгарган.

Эгер андай болсо, Алмамбет Шыкмаматов бул маалыматты оюнан чыгарып берген болуп калабы? Минтип айтууга экс-депутаттын башына эмне мынчалык күч келди? Же, чыны менен эле иш козголуп, бирок саясий-коомдук кырдаалга карата токтотулуп турабы?..

Эске сала кетсек, 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү, Ак үйдү басып алынгандан кийин, мурдагы депутат Шыкмаматов башкы прокурордун милдетин аткаруучу болдум деп, журналисттерге  билдирген.

Кийинчерээк бул посту «Чоң Казат» партиясынын лидери, прокуратуранын мурдагы кызматкери Сыймык Жапыкеев ээленни маалым болгон.

Булак: Vesti.kg