Камчыбек Ташиев УКМКга төрага болуп дайындалды

Камчыбек Ташиев УКМКга төрага болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты аталган мекемеден ырасташты.

«Мекенчил» партиясынын лидери бүгүн жамаатка тааныштырылды.

Белгилей кетсек, УКМКнын мурдакы төрагасы Орозбек Опумбаев 5-октябрдан бери белгисиз. Аны Сооронбай Жээнбеков отставкага кетирген. Бүгүн Премьер-министр Садыр Жапаров анын ордуна Камчыбек Ташиевди дайындады.

Эскерте кетсек, буга чейин борбордогу баш аламандыкта Өмүрбек Суваналиев да эки күн иштеп, бирок, УКМКнын жамааты аны кабыл албай койгону белгилүү болгон эле.