COVID-19га каршы күрөшүүдө өзүнүн эфективдүүлүгүн далилдеген жападан жалгыз дары дексаметазон, деп айтты Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус. Бул тууралуу РБК билдирди.
«Азыркы учурда COVID-19дан оор жабыркоого учураган бейтаптарды дарылоодо эффективдүүлүгүн көрсөткөн жападан терапевтик дармек дексаметазон кортикостероиди болуп саналат», — деп айтканын уюмдун пресс-кызматы билдирген.
Гебрейесус, пандемия башталып жатканда үмүттөндүрткөн эки дары – ремдесивир менен интерферон эффективдүүлүгүн көрсөтө алышкан жок, деп белгиледи.